Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Тизме

© REUTERS / Toru Hanai Олимпиада 2016. Вольная борьба. Мужчины. Весовая категория до 97 кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Мужчины. Весовая категория до 97 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жазында Кытайда Азия чемпионаты, күзүндө Казакстанда дүйнө чемпионаты өтөт.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Матч по футболу Кыргызстан — Южная Корея: лучшие моменты и голы. Видеообзор - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Түштүк Корея оюнунун мыкты ирмемдери менен голу. Видеобаян
Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Балбандар 10 салмак категориясы боюнча күч сынашып, өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрү анык болду.

Эскерте кетсек, быйыл 23-28-апрель күндөрү Кытайдын Сиань шаарында Азия чемпионаты өтсө, 14-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана калаасында дүйнө чемпионаты өтмөкчү. Мында 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга 18 жолдомо ойнотулат.

57 кг

1. Мырзаназар уулу Бекболот
2. Алмаз Сманбеков
3. Кенжебек уулу Акбар жана Арстанбек уулу Туңгуч

61 кг

1. Улукбек Жолдошбеков
2. Токтогул уулу Айбек
3. Раимбек уулу Сыймык жана Икромжан Каджимуратов

65 кг

1. Эрназар Акматалиев
2. Алибек Осмонов
3, Нургазы Абдуразаков жана Тилек Шаршеев

70 кг

1. Исламбек Орозбеков
2. Сыргак уулу Мансур
3. Догдурбек уулу Эламан жана Руслан Садыбакасов

74 кг

1. Саякбай Усупов
2. Бекжан Жамбулов
3. Бекжан Токтобаев жана Мамасали уулу Байнас

79 кг

1. Ильгиз Жакыпбеков
2. Ойбек Насиров
3. Атай Изабеков жана Абдимуса уулу Бектен

86 кг

1. Алигаджи Гамигаджиев
2. Мирлан Чыныбеков
3. Чыңгызбек Паизов жана Жеңиш Буланов

92 кг

1. Чыңгыз Керимкулов
2. Сымбат Сулайманов
3. Арсланбек Турдубеков жана Алхаз Каракетов

97 кг

1. Магомед Мусаев
2. Кунай Нурдавлетов
3. Талантбек уулу Кантөрө жана Ахроржан Мадаминов.

125 кг

1. Музафар Жаппуев
2. Салимжон Исаков
3. Миляс Марков

Белгилей кетчү жагдай, Азия жана дүйнө чемпионаттарынын алдында тандалма команданын мүчөлөрү кайрадан аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0