00:07 23 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7394
  • EUR79.2414
  • RUB1.0479
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин

Колдон келгенин кылдык! Крестинин Түштүк Корея менен болгон беттеш тууралуу

© AFP 2019 / Giuseppe CACACE
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (63)
58110

Кыргызстандын футболчулары күчтүү атаандашына минималдык эсеп менен жеңилди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Түштүк Корея менен болгон оюн боюнча комментарий берди.

"Балдарга аракети үчүн ыраазычылык билдирем. Колдон келгенин кылышты. Тилекке каршы, упай топтой албадык. Бирок келечекке ишеним менен карайбыз. Мындай кайрат менен кете берсек, үч упай топтоп, алдыбызга коюлган тапшырманы аткарабыз деп ойлойм", — деди Крестинин.

Кечээ Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда Кыргызстандын футболчулары түштүккореялык атаандаштары менен беттешип, 1:0 эсебинде утулуп калды. Корей футболчулары мыктылыгын көрсөтүп, талаада топко көбүрөөк ээлик кылганы менен кыргызстандык команданы дарбазачы Кутман Кадырбековдун чеберчилиги сактап жатты. Кыргыз курамасы дагы бир топ кызыктуу учурларды жаратып, бирок атаандаштын дарбазасына топ киргизе алган жок.

Кыргызстан экинчи оюнда утулуп калганына карабай, 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап турат.

Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (63)

Тема боюнча

Бишкекке келген футболчу Илзат Ахметовду президенттик аппараттын башчысы кабыл алды
Бүгүн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын футболчулары алгачкы ирет беттешет
Атамбаевдин күйөө баласы Футбол федерациясынын президенттигинен кетти
Белгилер:
Футбол, Александр Крестинин, Түштүк Корея, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ