Бишкекке келген футболчу Илзат Ахметовду президенттик аппараттын башчысы кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча руководителя аппарата президента КР Досалы Эсеналиева с уроженцем Кыргызстана, полузащитником ЦСКА Ильзатом Ахметовым
Встреча руководителя аппарата президента КР Досалы Эсеналиева с уроженцем Кыргызстана, полузащитником ЦСКА Ильзатом Ахметовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ахметов былтыр июль айынан тартып москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. КР президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Илзат Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Илзат Ахметов менен жолугушту.
Встреча руководителя аппарата президента КР Досалы Эсеналиева с уроженцем Кыргызстана, полузащитником ЦСКА Ильзатом Ахметовым - Sputnik Кыргызстан
КР президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Илзат Ахметов менен жолугушту.

"Биз сиздин атактуу ЦСКА командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россиянын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз, сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!" — деди Эсеналиев.

ЦСКА футбол клубунун жарым коргоочусу Илзат Ахметов Первая пятерка сыйлыгына татыганын РИА Новости агенттиги жазды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөлгөн Илзат Ахметов Россияда эң мыкты жаш футболчу аталды
Илзат Ахметов кайда болбосун ар дайым өз мекенин — Кыргызстанды сагынарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, Илзат Ахметов Кыргызстанда төрөлгөн. "Алга" командасынын тарбиялануучусу. Андан соң россиялык "Рубин" футбол командасында ойногон. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

Ошондой эле Илзат Ахметов Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун тобуна кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0