Бүгүн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын футболчулары алгачкы ирет беттешет

© AFP / KARIM SAHIBКубок Азии по футболу. Сборная Кыргызстана во время тренировок
Кубок Азии по футболу. Сборная Кыргызстана во время тренировок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бул жолку атаандашы - Азия биричилигиндеги мыкты командалардын бири.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында бүгүн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын курама командалары беттешет.

Оюн Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимиси жеңет? Кыргызстан — Түштүк Корея беттеши боюнча букмекерлердин божомолу
КР Футбол федерациясынын маалыматына караганда, бул эки команда мурда беттешкен эмес. Болгону 2018-жылдагы Азия оюндарында эки өлкөнүн олимпиадалык командалары ойноп, мелдеш корейлердин пайдасына 1:0 эсеби менен аяктаган. Ал эми олимпиадалык командага 23 жаштан өткөндөрдүн арасынан үч гана оюнчу кошулат.

Кыргызстан быйыл алгачкы жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Ал эми атаандаштар Азия биринчилигинде эки ирет (1956 жана 1960-жылдары) жеңишти багындырган.

Кыргызстандын футболчуларынын насаатчысы — россиялык адис Александр Крестинин. Ал эми Түштүк Кореянын курама командасын 2018-жылкы Дүйнө чемпионатындагы жеңилүүлөрдөн кийин португалиялык машыктыруучу Паулу Бенту өз колуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0