Конор Флойддон утулган Насукава менен ММА боюнча беттешүүнү пландап жатат

© AP Photo / Eric JamisonИрландиялык ММА мушкери Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегор беттеш жай айына чейин болушун каалап жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегор боксчу Флойд Мейвезерге утулган япониялык Тенсин Насукава менен аралаш мушташ боюнча көргөзмө оюн өткөрүүнү пландап жатат. Бул туурасында Р-Спорт агенттиги спортчунун Twitter баракчасындагы микроблогуна шилтеме берип жазды.

Маалыматта ал беттешти жайында өткөрүүнү пландап жатканын белгилеген.

"Мен Японияга барып Насукава менен ММА боюнча көргөзмө оюн тартуулагым келет. Жай айына чейин болушу керек. Сураныч, мелдешти уюштуруп бергилечи. Урматым менен эки жолку чемпион", — деп жазган Макгрегор.

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор 2017-жылы Флойд Мейвезер менен бокс эрежеси боюнча беттешип, техникалык нокаут менен утулган. Ал эми былтыр, 2018-жылы 31-декабрда, Мейвезер япониялык мушкер Тенсин Насукаваны дагы нокаутка кетирген. Бокс боюнча өткөн беттеш жолдоштук оюн болгондуктан мушкерлердин рейтингин аныктаган расмий сайтка киргизилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0