21:32 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) футбол боюнча Азия биринчилиги

Футбол боюнча Азия чемпиону биринчи оюнда жеңилип калды

© AFP 2019 / KARIM SAHIB
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
318 0 0

Кыргызстандын курама командасы тайпалык мелдеште биринчи оюнун 7-январда ойнойт.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Австралиянын футбол командасы, Азиянын учурдагы чемпиону континенттеги кубоктун биринчи оюнунда жеңилип калды.

Белгилей кетсек, учурда Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) футбол боюнча Азия биринчилиги өтүп жатат.

6-январь күнү А жана В тайпаларындагы командалар беттештерди өткөрдү.

А тайпасында Таиланд менен Индия кездешип, индиялыктар 4:1 эсебинде утуп алды. Бахрейн менен БАЭнин беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми Таиланд өз тайпасында эң акыркы орунда келе жатат.

Австралия менен Иордания В тайпасында атаандашып, оюн 0:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Ал эми Сирия менен Палестина 1:1 эсебинде тең чыкты. Бул топто эң акыркы орунда Австралия калууда.

Бүгүн жашыл майданда Кыргызстан менен Кытайдын (С тайпасы), Түштүк Корея менен Филиппиндин (C тайпасы) жана Иран менен Вьетнамдын (D тайпасы) курама командалары ат салышат.

Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)

Тема боюнча

Бүгүн Бириккен Араб Эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогу башталат
Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?
Белгилер:
футбол, Азия чемпионаты, Бириккен Араб Эмираттары, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ