Кыргызстандын футбол командасы Азия кубогуна катышуу үчүн БАЭге учат

© Sputnik / Табылды КадырбековОтборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда эки оюнду Аль-Айн шаарында өткөрөт.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол курама командасы Бириккен Араб Эмирлигинде 5-январда өтө турган Азия кубогуна барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына команданын медиаофицери Павел Синегубов билдирди.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачлыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?
Команда башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетектөөсү менен өткөн жылдын декабрь айынан бери Дохада (Катар) даярдык көрүп келишкен. Улуттук команда Азия кубогуна биринчи жолу катышат. Буга чейин даярдык иретинде бир нече беттештер өткөрүлдү.

Континент чемпионаты 2019-жылдын 5-январында Бириккен Араб Эмирлигинде башталат. Кыргызстандын курамасы С тобуна кирип, Кытай (7-январь), Түштүк Корея (11-январь) жана Филиппин (16-январь) менен ойнойт.

Синегубов билдиргендей, алгачкы эки беттеш Аль-Айн шаарында, үчүнчүсү Дубайда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0