Махмудовдун Азия чемпионатындагы кармашы эң мыкты деп табылды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык спортчу Акжол Махмудов. Архив
Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мелдеште кыргызстандык спортчу казакстандык балбан Демеу Жадыраевди утуп, 72 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашын атады. Бул туурасында спорттук уюмдун Instagram аккаунтунда жарыяланган.

Узаган жылдын жыйынтыгы менен мыкты беттеш деп кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен казакстандык балбан Демеу Жадыраевдин Бишкекте өткөн Азия чемпионатындагы күч сынашуусу табылды. 

"Буга чейин өспүрүмдөр арасында эки ирет Азия чемпиону болгон Махмудов табында экендигин көрсөтө алды. Ал мекенинде өткөн мелдеште биринчи жолу чоңдор арасында күч сынашып, 72 килограмм салмакта чемпион болду", — деп айтылат UWW уюмдун постунда.

Балбандар жыл башында грек-рим күрөшү боюнча Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күч сынашкан. Махмудов финалда Жадыраевди 8:6 эсебинде утуп, курама командага биринчи алтынды алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0