Футбол: Кыргызстан менен Катардын оюну жабык өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын футболчулары. Архив
Кыргызстандын курама командасынын футболчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командалар Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында ушуну менен экинчи ирет беттешүүдө.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Катардын оюнчулары менен беттеше турганын КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюн Катарда шейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө өтөт. Командалардын өз ара келишүүсү боюнча беттешке күйөрмандар киргизилбейт.

Футбол жоокерлери намыс коргоого жөнөштү. Азия кубогунун промо ролиги - Sputnik Кыргызстан
Футбол жоокерлери намыс коргоого жөнөштү. Азия кубогунун проморолиги
Буга чейин Кыргызстан менен Иорданиянын оюнчулары ушундай эле шартта беттешип, кыргызстандыктар 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Учурда Кыргызстандын курама командасы Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн машыгууларын өткөрүүдө. Кыргызстандык оюнчулар аталган кубокко биринчи жолу катышмакчы.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын курамасы (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппиндер менен (16-январь, Дубай) ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0