Белден кармап көтөрүп чап! Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Жазылуу
Мелдешке 300дөн ашык спортчунун келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтө турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар кабарлашты.

Турнир бүгүн, 19-декабрда, Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

Иш-чара жыл сайын КРдин Эл баатыры Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлүп келет.

"Спорттук мелдешке Орто Азия, Россия, Монголия, Түркмөнстан, Белоруссия, Иран жана башка өлкөлөрдөн 300дөн ашык балбандын келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мелдешке жашы 18ден өйдө эркектер жана кыз-келиндер категориясы боюнча ар кандай салмакта күч сынаша алат.

Эркектер (классикалык стиль): 70 кг, 80 кг, +80 кг жана абсолюттук салмак;

Аялдар (эркин стиль): 55 кг, 65 кг, + 65 кг.

Жаңылыктар түрмөгү
0