Борбордо армрестлинг боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоревнования по армрестлингу среди женщин
Соревнования по армрестлингу среди женщин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байге топтому эркектер, аялдар, ардагерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында ойнотулат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте армрестлинг (кол күрөш- ред.) спорту боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Мелдеш эртең, 15-декабрда, борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

"Байгелер эркектер, аялдар жана ардагерлер арасында ойнотулат. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер да катыша алат. Турнирдин жеңүүчүлөрү курама командага кошулат", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар — спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция менен КРдин Армрестлинг федерациясы.

Жаңылыктар түрмөгү
0