Шевченко каршылашын баш көтөртпөй жеңе алабы? Спортчулар беттеш тууралуу

© AP Photo / Nam Y. HuhКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчик менен UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиондук кур үчүн кармашат. Беттеш Торонтодо (Канада) өтмөкчү.

Шевченко ММА боюнча 15 мелдештин жеңүүчүсү. Эки ирет бразилиялык Аманда Нуниске, бир жолу америкалык Лис Кармаучка (2010) утулган. Ал эми каршылашы Енджейчик дагы 15 беттешти утуп, эки ирет америкалык Роуз Намаюнаска жеңилип, 52 килограмм салмактагы чемпиондук наамынан ажыраган.

Белгилей кетсек, мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында аталган UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болгондор азырынча жок. Эркектер арасында россиялык Олег Тактаров менен Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.

Шевченко менен Енджейчиктин беттешин спорт сүйүүчүлөрү чыдамсыздык менен күтүп, өз ара ой толгоп, жыйынтыгын божомолдоп жатат, а түгүл буга дүйнөлүк букмекердик конторалар да назар салууда.

Sputnik агенттиги кыргызстандык спорт көзүрлөрүнүн пикирин топтоду.

Айбек Мусаев, JFC лигасынын президенти

© Sputnik / Табылды КадырбековJFC лигасынын президенти, "Жаш күч" клубунун машыктыруучусу Айбек Мусаев
Тренер бойцовского клуба Жаш Куч Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
JFC лигасынын президенти, "Жаш күч" клубунун машыктыруучусу Айбек Мусаев

— Шевченко менен Енджейчик мурда муай-тай боюнча үч ирет мелдешип, баарында тең мекендешибиз уткан. Бул жолу да жеңишин майрамдайт. Валентина туруп беттешкенде дагы, партерде дагы жакшы. Атаандашына салыштырмалуу күчтүүрөөк. Менимче, беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктайт.

Бусурманкул Абдубаит уулу, M-1 уюмунун мушкери

© Sputnik / Табылды КадырбековM-1 уюмунун мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
M-1 уюмунун мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу

— Эки мушкер кыз тең тажрыйбалуу болгондуктан беш раунд толугу менен кармашат деп ойлойм. Шевченко бардык раундда үстөмдүк кылат. Мелдештин калыстары адилеттүү чечим чыгарса экен деп ниеттенем.

Марат Бекмуратов, ММА менеджери

© SputnikСпорттук менеджер Марат Бекмуратов
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Спорттук менеджер Марат Бекмуратов

— Шевченко атаандашынан бир канча себеп менен айырмаланат. Биринчиден, табиятынан денеси чоң, колдору узун, экинчиден, Енджейчикти мурда уткан, үчүнчүдөн прессинг (атаандашты кууп иштөө) жана контрчабуул ыкмаларын жакшы өздөштүргөн. Негизи Енджейчик беттеш учурундагы планы ишке ашпай баратса, артка кетенчиктеген адаты бар. Мен муну анын акыркы жолу Роуз Намаюнас менен кармашып, чемпиондук наамын алдырып койгондо анализдегем.

Руслан Ниязакунов, Nomad ММА федерациясынын президенти

— Албетте, мекендешибиз, сыймыгыбыз Валентина Шевченкого жан тартабыз. Биз Кыргызстанда жүргөндө чогуу машыкчу элек. Ал турнирде таза жеңишке жетерине ишенем. Бирок атаандашы да бийик даражадагы мушкер, андан баарын күтсө болот.

Нурсултан Турусбеков, спорттук баяндамачы

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук баяндамачы, журналист Нурсултан Турусбеков
Комментатор КТРК Нурсултан Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Спорттук баяндамачы, журналист Нурсултан Турусбеков

— Эки мушкер туруп беттешкенге аракет жасашат. Шевченко мурда атаандашын тай бокс эрежеси боюнча утуп жүргөн. Беттешти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктарына ишенем. Анткени ал 61 килограмм салмакта күч сынашып жүргөндө Аманда Нунис, Холли Холм сыяктуу күчтүү мушкерлерге каршы турган. Ал эми Енджейчик андай деңгээли бийик мушкерлерге туш боло элек.

Рафаэль Физиев, ММА мушкери

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаАралаш мушташ, тай боксу боюнча спорт чебери Рафаэль Физиев
Кыргызстанский боец ММА Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Аралаш мушташ, тай боксу боюнча спорт чебери Рафаэль Физиев

— Беттешти алдын ала божомолдоп, жыйынтык чыгарганды көп жактыра бербейм. Кандай гана учур болбосун Валяга жан тартам.

Жолдошбек Мамашарипов, "Ак барс" клубунун машыктыруучусу

© Фото / предоставлено Жолдубаем Мамашариповымм"Ак барс" клубунун машыктыруучусу, негиздөөчүсү Жолдошбек Мамашарипов
Основатель и главный тренер спортивного клуба Ак барс Жолдубай Мамашарипов - Sputnik Кыргызстан
"Ак барс" клубунун машыктыруучусу, негиздөөчүсү Жолдошбек Мамашарипов

— Валентина Шевченко үчүнчү раунддун аягында Жоанна Енджейчикти техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курду тагынат.

Жыргалбек Чомонов, "Эмир" клубунун машыктыруучусу

— Эки кыз тең сокку узатып беттешкенди жакшы өздөштүргөн. Бирок биздин Валентина Жоаннага караганда ар тараптуу мушкер. Кааласа күрөшөт, кааласа муштумдап беттешет. Менимче, ал атаандашынын алсыз жагына карап күрөшкө ыктайт. Валентина колу узун болгондуктан дистанция кармап беттешет. Беш раундда 5:0 эсеби менен утат. Анткен менен Жоанна илгери Шевченко уткан деңгээлде эмес. Андан бери бир топ өстү, жадакалса чемпиондук курду да тагынып көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0