Чүй менен Таластын ардагер улакчылары оюн талаасында беттешет

Жазылуу
Мелдеш "Ак-Кула" ат майданында 30-ноябрда башталып 2-декабрга чейин уланат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Көкбөрү боюнча Талас менен Чүй облустарынын ынтымак турнири өткөрүлөт. Бул туурасында Көкбөрү федерациясынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мелдеш Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында 30-ноябрда башталып 2-декабрга чейин уланат.

Көк бөрү - Sputnik Кыргызстан
Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
Анда Чүй менен Таластын төрт районунан куралган сегиз команда күч сынашат. Мындан сырткары, эки облустун легендарлуу көкбөрүчүлөрү команда түзүп оюн талаасына чыгат. Тагыраак айтканда, алар 40 жаштан өткөн улакчылар.

Уюштуруучулар мелдештин байге фондусу бир миллион сом экенин маалымдашты.

Ушундай эле ынтымак турнири буга чейин Таласта да өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0