Каныбек Осмоналиевдин 65 жылдыгына карата эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүОлимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин архивдик сүрөтү
Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 25-29-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 65 жылдык мааракесине карата оор атлетика боюнча XXXI эл аралык турнир өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-29-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт. Ага Борбор Азия, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин спорттук делегациясы жана өлкөнүн облус жана шаарларынан оор атлетчилер келери күтүлүүдө.

Эл аралык турнир төмөнкү салмак категориясы боюнча өтөт:

  • Эркектер: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96,102,109, +109 килограмм;
  • Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 килограмм.

Чемпионат ММА JFC в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда үч күн бою ММА боюнча мелдеш өтөт
Мелдешти олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Улуттук олимпиада комитети жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы уюштурууда.

Каныбек Осмоналиев дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болуп, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. Ал 30 жашында чоң спорттон кеткен.

Легендарлуу спортчу тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0