Алексей Федосеев Токиодо дүйнөнүн мыктылары менен беттешет

© Фото / предоставлено Алексеем ФедосеевымКыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев. Архив
Кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жолу спортчу 2017-жылы рингге чыккан.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев Японияда дүйнөнүн менмендеген спортчулары менен таймашат. Бул тууралуу өзү Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Ал катыша турган Shoot Boxing S-cup турнири 18-ноябрь күнү Токио шаарында өтөт.

"Алдыдагы мелдеш боюнча келишим колума бир ай мурда тийген. Ошондон бери даярдык көрүп жатам. Shoot Boxing S-cup кубогу үчүн дүйнөдөгү эң мыкты делген сегиз спортчу ат салышат", — деди Федосеев.

Ошондой эле ал быйылкы жылы алгачкы мелдешке чыгып жатканын кошумчалады. Буга чейинки акыркы мелдеши 2017-жылдын декабрь айында өтүп, ошондон бери кикбоксчу ден соолугун бекемдөө менен алек болуп жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0