Жумгалда эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өтөт

© Sputnik / Айша КамиловаКүрөш чемпионаты. Архив
Күрөш чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке болжол менен 300гө жакын жаш балбан катышары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жумгал районунун Байзак айылында 17-18-ноябрь күндөрү эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеш өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Тренер по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулов с воспитанниками - Sputnik Кыргызстан
Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм
Алардын айтымында, турнир Байзак баатырдын элесине арналып, быйыл бешинчи жолу өткөрүлүп жатат.

Байгелер 14-15 жаштагы балдар арасында 13 салмак категориясында, 16-17 жаштагы кыздар арасында жети башка салмакта ойнотулат.

Турнирге катышуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы жана Казакстан менен Өзбекстандын айрым спорт мектептерине чакыруу жөнөтүлгөн. Мелдешке болжол менен 300гө жакын жаш балбан катышары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0