"Дордой" футбол командасы "Алайды" утуп, мөөнөтүнөн мурда чемпион болду

© Фото / пресс-служба ФФКРЧемпионат КР по футболу
Чемпионат КР по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алай" командасы 55 упайы менен экинчи орундан да кол жууп калуу коркунучунда турат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын "Дордой" футбол командасы башкы атаандашы делген Оштун "Алай" тайпасын утуп мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону аталды.

Чемпионат КР по кок-бору в Оше. Финал - Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн улакчылары Кыргызстандын чемпиону болду. Сүрөт
Бүгүн 3-ноябрда өлкө биринчилигинин 27-туру өтүп, бишкектик команда "Алай" менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды. Оштун командасы биринчи эсеп санын ачканы менен кийинки аракеттери майнапсыз болуп жатты. Алар титулун коргоо үчүн каршылашынан ашып өтүшү керек болчу.

Мындан улам "Дордой" 65 упай менен сап башына чыгып, мөөнөтүнөн мурда чемпион болду. Ал эми "Алай" 55 упайы менен экинчи орундан да кол жууп калуу коркунучунда турат. Учурда "Абдыш-Ата" андан эки упай төмөнкү баскычта.

Жаңылыктар түрмөгү
0