Ошто грэпплинг боюнча Азия чемпионатына тандоо мелдеши өтөт

Жазылуу
Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында болот.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. 17-18-ноябрь күндөрү Ошто Азия чемпионатына бара турчу грэпплинг боюнча курама команданын бир бөлүгү аныкталат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Грэпплинг боюнча UWW федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчулар Ош шаарынын биринчилиги үчүн чоңдор жана жаштар арасында күч сынашат.

"Мелдешке Ош, Жалал-Абад жана Баткендин спортчулары катышат. Алтын медаль уткандар Азияда ат салышууга мүмкүнчүлүк алат", — деп айтылат маалыматта.

Көк бөрү улуттук ат ойуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү чемпионаты: жарым финалда төрт облустун улакчылары беттешет
Ошондой эле билдирмеде курама команданын экинчи бөлүгү 22-23-ноябрь күндөрү Бишкек чемпионатында аныктала турганы айтылат. Андан соң спортчулар грэпплинг боюнча КРдин кубогунда жана чемпионатында ат салышып отуруп Азия чемпионатына жиберилет.

Жаштар арасындагы салмак категория (18-19 жаш);

Балдар: 58, 62, 66, 71, 77, 84, 92 килограммга чейин жана 92 килограммдан өйдө;

Кыздар: 49, 63, 58, 64, 71 килограммга чейин жана 71 килограммдан өйдө;

Чоңдор арасында салмак категория (20-35 жаш);

Эркектер: 62, 66, 71, 77, 84, 92, 100 килограммга чейин жана 100 килограммдан өйдө;

Аялдар: 53, 58, 64, 71 килограммга чейин жана 71 килограммдан өйдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0