Бүгүн балбандар Махмудов менен Түгөлбаев килемге чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш ушул тапта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бүгүн грек-рим күрөшүнүн балбандары Бексултан Махмудов менен Кайрат Түгөлбаев дүйнө чемпионатында күчүн сынайт.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Мелдеш ушул тапта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 20-октябрда башталган, эми 28де аяктайт.

Махмудов килемде 97 килограммдагылар арасында күч сынашса, Түгөлбаев 77 килограммда кармашат.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча командадан Жоламан Шаршенбеков (55 кг), Калы Сулайманов (60 кг), Урмат Аматов (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Атабек Азисбеков (67 кг) күчүн сынаган.

Ал эми кыз-келиндер арасындагы күрөш менен эркин күрөш боюнча курама команда мелдештин алгачкы күндөрүндө эле чыгып, бир да медалга илине алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0