Тарых кайталанды! Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргыз балбаны. 2006-жылы Канатбек Бегалиев финалга чыгып, бирок жеңиш атаандашына буюргандыктан күмүш байгеге ээ болгон.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге утту. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш ушул тапта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат.

Шаршенбеков 55 килограмм салмакта күч сынашып, чечүүчү кармашта азербайжандык Элдениз Азизлиге 0:13 упай эсебинде утулуп калды.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Балбан финалга чейин үч кармаш өткөргөн. Квалификациялык беттешинде кореялык Хи Донг Сонду 9:0 эсебинде, чейрек финалда армениялык Хоряр Хакхоянды 11:0 упай менен утса, ал эми жарым финалда түркиялык Екрем Озтуркту 9:0 эсебинде жер караткан

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргыз балбаны. 2006-жылы Канатбек Бегалиев финалга чыгып, бирок жеңиш атаандашына буюргандыктан күмүш байгеге ээ болгон.

19 жаштагы Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону. Быйыл февралда Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло (2016), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017) күмүш медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0