22:05 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9712
  • RUB1.1117
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
165 0 0

КРдин футбол боюнча улуттук курамасы Азия өлкөлөрүнүн арасында 12-орунга татыды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде бир тепкичке жогорулады.

Октябрдын жыйынтыгы FIFA уюмунун сайтына жарыяланды.

Өткөн айда Кыргызстан 91-орунда эле, эми бир тепкичке көтөрүлдү. Ал эми Азия футбол конфедерациясында өлкө 12-орунга чыккан.

Октябрдын эң мыкты командасы Гибралтарга таандык. Ал сегиз баскычка жогорулап 190-орунду ээлеген. Эң начар команда Мозамбиктики болду — тогуз сапка төмөндөп, 122-орунга түшүп калды.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бельгия, андан кийин Франция, үчүнчүдө Бразилиянын командасы турат. Кийинки катарлардан Хорватия, Англия, Уругвай, Португалия, Швейцария, Испания жана Дания мамлекеттерин көрүүгө болот.

Тема боюнча

Кыргызстандын курама командасы Малайзия футболчуларын жеңип алды
Үсөнов: жаш футболчуларга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек
Белгилер:
орун, рейтинг, футбол, FIFA, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ