WEF уюму борбордо Азиянын мыкты мушкерлерин аныктайт

Жазылуу
Мелдеш спорт сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында өтөт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2-4 ноябрь күндөрү кулатуу эр таймаш (ММА) спорту боюнча борбор калаада Азия чемпионаты өтөт. Бул туурасында маалымат WEF федерациясынын Instagram баракчасына жарыяланган. 

WEF мелдеши Бишкектеги "Газпром" спорт комплексинде, спорт сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында өтөт.

"Турнир "Азия спорту — терррормге жана баңгизатка каршы" урааны алдында тартууланат. Былтыр Азия чемпионаты Казакстанда болгон. Эмки жылкысын Тажикстанда өткөрүүнү пландап жатабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Барчынай Узгенбаеванын кезектеги атаандашы белгилүү болду
WEF — "World Ertaymash Federation" сөзүнүн кыскартылып айтылышы. Кыргызча Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы деп аталат. Негиздөөчүлөрдүн айтымында, мушкерлердин рейтингин түзгөн Sherdog аттуу порталга киргизиш үчүн федерацияны англисче аташкан.

Кулатуу спорттун түрү катары 1985-жылы пайда болуп, 1991-жылы КРдин Кулатуу эр таймаш федерациясы түзүлүп, 2002-жылы улуттук спорт түрү катары катталган. Ал эми 2014-жылы кулатууну дүйнөгө жайылтуу максатында дүйнөлүк деген статуска ээ болгон. Шарт боюнча кеминде дүйнөнүн 12 мамлекетинде уюмдун өкүлчүлүгү түзүлүп, жылына жок дегенде үч эл аралык турнир өткөрүп турат. Мындан тышкары, бир нече беделдүү спорттук уюмдар менен иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0