Кыргызстандын курама командасы Малайзия футболчуларын жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековОтборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командалар алгач ирет беттешти. Матч Малакка шаарында өттү.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы малайзиялык атаандаштарын 1:0 эсебинде утту. Командалар алгач ирет беттешти.

Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оюндардын жоктугу КР курамасынын FIFA рейтингине кандай таасир этет
Бул Кыргызстандын улуттук командасынан 2019-жылдагы Азиянын кубогунда даярданган жолдоштук беттештин алкагында өткөн таймаш эле. Оюн Малакка шаарында "Ханг Жебат" стадионунда болду. 

Беттештин 68-мүнөтүндө улуттук курама команданын жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев бир топту атаандашынын дарбазасына киргизди.

Кыргызстандын курама командасы FIFA уюмунун азыркы рейтингинде 91-орунда, Малайзия 171-орунда турат. 

Ал эми бир айдан кийин Кыргызстандын командасы Япониянын футболчулары менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0