Чыныгы эркек! Емельяненко өзүнөн утулган атаандашына костюм кийгизди. Видео

© AP Photo / Gregory PayanРоссийский боец MMA Федор Емельяненко
Российский боец MMA Федор Емельяненко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Емельяненкону интернет колдонуучулар чыныгы мырза деп атап, башка спортчуларды үлгү алууга чакырышкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Федор Емельяненко Bellator 208 турниринин алкагында уткан америкалык Чейл Сонненге командасынын спорттук костюмун белекке берди. Окуянын видеосу уюштуруу топтун Instagram баракчасында жайгаштырылган.

Чемпионат UFC Ultimate Fighting в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедов боксчу Мейвезерди беттешке чакырды. Видеокайрылуу
Емельяненко Сонненди беттештин биринчи раундунда техникалык нокаут менен уткан. Бул Гран-при Bellator турниринин оор салмактагылар арасындагы жарым финалдык таймашы болчу.

Видеодо россиялык мушкер беттеш бүткөндөн соң утулган атаандашына спорттук космюмун ыйгарганын көрүүгө болот. Белекти алган Соннен "Бул менин уулум үчүн" деп айткан. Интернет колдонуучулар Емельяненкону чыныгы мырза экендигин айтып, башка спортчулар үлгү алса болчудай экендигин белгилешкен. 

Федором Емельяненко финалдык кармашында америкалык Райан Бейдер менен күч сынашат. Беттеш 26-ноябрда Лос-Анджелесте өтөт.

42 жаштагы Емельяненко ММА карьерасында 38 мелдешти утуп, беш ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0