Бүгүн ЖК депутаттары менен министрлер топ тебишет

Жазылуу
Атка минерлердин футболдук мелдеши бүгүн саат 14.00дө башталат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү Кыргызстандын өкмөтү менен Жогорку Кеңештин командалары футбол талаасында күч сынашат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, Футбол федерациясынын оюн талаасында ЖК депутаттары, министр жана алардын орун басарлары беттешет. Футболдук мелдеш бүгүн саат 14.00дө башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин эл өкүлдөрү Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери менен футбол ойноп, жеңилип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0