Аргентина: Жаштар олимпиадасында кыргызстандыктар дагы эки медаль утту

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОлимпиада шакекчелери. Архив
Олимпиада шакекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буэнос-Айресте олимпиаданын алкагында күрөш жана дзюдо боюнча мелдештер аяктады.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Элмирбек Садыров Жаштар олимпиадасындагы беттештерде Кыргызстанга дагы бир медаль алып келди. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында жарыяланды.

Элмирбек Садыров Жаштар олимпиадасында Кыргызстандын курама командасынын капитаны болгон. Ал 60 килограмм салмак категориясына чейинки кармашта ат салышкан.

Жаштар олимпиадасындагы дзюдочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дзюдочу Жаштар олимпиадасында коло тагынды. Медаль эсепке кирбейт
Элмирбек Садыровдун "А" тобундагы биринчи атаандашы Океаниянын беш жолку чемпиону жаңы зеландиялык Жордж Келлнер болду. Элмирбек аны 9:0 эсебинде утуп, адистердин көңүлүн бурду. Экинчи таймашта Панамерика чемпионатынын жеңүүчүсү, мексикалык Мигель Анхель Угальде Агилар да жаңы зеландиялык Жордж Келлнерди 8:0 эсебинде утуп алган. "А" тобунда лидерликти талашкан кыргызстандык Элмирбек Садыров менен мексикалык Мигель Анхель Угальде Агилардын кимиси утса, финалга жолдомо алмак. Биринчи бөлүктө мексикалык балбан 5:0 эсебинде Элмирбекти утуп алса, экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан чеберчилигин көрсөтүп, эсепти 9:6 кылуу менен баш байгеге талапкердин бири болду. Финалдык беттешүү бишкек убактысы боюнча 13-октябрга оогон түнү саат бирден 40 мүнөт өткөндө болуп, Элмирбектин атаандашы Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, грузиялык Гиорги Чхиквадзеден жеңилип калды. Экинчи орун үчүн күмүш байге ыйгарылды.

Ал эми Султан Жеңишбеков дзюдо боюнча аралаш командалар ортосундагы мелдеште тайпасы менен үчүнчү орунга татып, анын мүчөлөрүнүн бардыгына күмүш байге ыйгарылды.

Буга чейин жаштар олимпиадасында сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль, Хасан Баудунов фехтование боюнча коло байгеге татыктуу болгон.

Дзюдо боюнча Султан Жеңишбеков коло медаль тагынып, бирок ал өлкөнүн байге куржунуна салынган эмес.

Эске салсак, жаштардын олимпиадалык таймаштары Буэнос-Айрес шаарында 6-октябрда башталган. Оюндар 18-октябрь күнү жыйынтыкталат. Анда Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча мөрөй талашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0