Кыргызстандык дзюдочу Жаштар олимпиадасында коло тагынды. Медаль эсепке кирбейт

© REUTERS / HANDOUTЖаштар олимпиадасындагы дзюдочулар. Архив
Жаштар олимпиадасындагы дзюдочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү таймаштарга сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбан Элмирбек Садыров, спортчулар Айдар Кенжебаев менен Екатерина Тарева чыгат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Султан Жеңишбеков Аргентинада өтүп жаткан Жаштар олимпиадасында коло медаль тагынып, бирок ал өлкөнүн байге куржунуна салынбай турган болду. Бул тууралуу спорттук оюндардын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар дзюдону жайылтуу максатында бардык катышуучуларды 13 командага бөлүп, аларды Олимпиада өткөн 13 шаардын аталышы менен атаган.

Жеңишбеков 4 кыз, 4 баладан турган "Рио-де-Жанейро" командасынын курамында болуп, Косово, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Алжир, Словения, Бурундиден келген спортчулар менен өнөктөш болгон.

Юношеские Олимпийские игры в Буэнос-Айресе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчу Жаштар олимпиадасынан экинчи медалын тагынды
Биринчи беттеште "Рио-де-Жанейро" "Сидней" командасын 4:3 эсебинде утуп алган. Андан кийин "Атлантаны" да 5:4 эсеби менен утуп, бирок "Афины" командасына 3:5 эсебинде жеңилип калган. Жеңишбеков килемге үч жолу чыгып, үчөөндө тең атаандаштары күчтүүлүк кылып кетти. Бирок өнөктөштөрүнүн ийгилиги аны медалдуу кылды. Биринчи орунду "Пекин", экинчини "Афины" командалары ээлесе, үчүнчү сапты "Рио-де-Жанейро" менен "Лондон" командалары бөлүп алды.

Жеңишбековдун коло медалы байге эсебине кирбейт.

Эскерте кетсек, 6-октябрда башталган оюндар 18-октябрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0