Макгрегордун дагы беттештен кийин алчу 3 млн. долларлык сый акысы тоңдурулат

© AP Photo / John LocherБой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC
Бой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия ирландиялык спортчунун россиялык команданын өкүлү Зубайра Тухугов менен мушташканын да иликтейт.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы (NSAC) Хабиб Нурмагомедовдон тышкары Конор Макгрегорго да каршы арыз жазат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Энтони Марнелл ESPN телеканалына интервью берип жатып билдирди. 

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Согуш уланат. Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады
Анын айтымына караганда, комиссия Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Дилон Дэнис менен болгон Нурмагомедовдун мушташын гана эмес, ирландиялык спортчунун россиялык команданын өкүлү Зубайра Тухугов менен мушташканын да иликтейт. Марнелл NSAC видеожазылмага анализ жасап, мушташтын катышуучуларына суроолор узатыларын кошумчалады.

Окуядан кийин комиссия иликтөө бүткөнгө чейин деп Нурмагомедовдун эки миллион долларлык сый акысын тоңдуруп койгон. Макгрегорго үч миллион доллар убадаланган, бирок видеожазылманы көргөн комиссия ирландиялык мушкердин дагы аракеттерин текшерүүнү чечти.

"Биз мушкерлердин биринин акчасынын 100 пайызын кармап калдык. Экинчи мушкерге дагы ушундай эле убактылуу чара көрүлөт. Акыркы угууларды ноябрда өткөрүүнү пландап жатабыз", — деди Марнелл.

Бирок ал кандай чара көрүлүшү ыктымалдыгын айткан жок.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Хабибдин атасы: уулумду UFC уюмунан да катуу жазалайм
Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Нурмагомедов беттештен кийин октагондон аттап түшүп, Конордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске атырылып, мушташып кете жаздаган. Бул учурда октагондун ичиндеги Конорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен бир тууганы Абубакар кол салган.

Кийин Нурмагомедов Макгрегордун командасы анын динине, үй-бүлөсүнө жана мамлекетине асылгандыктан ушундай кадамга барганын түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0