Согуш уланат. Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкер 7-октябрда беттешкен.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор россиялык Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттеши тууралуу пикирин Instagram баракчасына жарыялады.

Сүрөттө Конор колунда виски куюлган бокалды кармап турганын көрүүгө болот.

"Кармашта утулдук, бирок мелдешти уттук. Согуш улана берет", — деп жазган мушкер.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Хабибге эмне үчүн дароо кур тагылган жок? Беттештен кийинки жаңжалдын себеби
Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Нурмагомедов беттештен кийин октагондон аттап түшүп, Конордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске атырылып, муштагылаган. Бул учурда октагондун ичиндеги Конорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен бир тууганы Абубакар кол салган.

Кийин Нурмагомедов Макгрегордун командасы анын динине, үй-бүлөсүнө жана мамлекетине асылгандыктан ушундай кадамга барганын түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0