Оюндардын жоктугу КР курамасынын FIFA рейтингине кандай таасир этет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки мелдеш япониялык атаандаштар менен 20-ноябрь күнү болмокчу.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. football-rankings.info сайты Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы беттешүүлөр болбогондугу үчүн октябрь айында FIFA рейтингинде төмөн түшүп кетиши мүмкүн экенин божомолдоду.

Финал Кубка Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды
Эске салсак, команда ушул жылдын апрель айында 75-позицияга илинип, рекорд жасаган.

Сайттын буга чейин дагы так анализдерди жасаган адистеринин пикиринде, кыргыз командасы октябрдын рейтингинде бир тепкичке ылдыйлап, 92-орунда болуп калышы ыктымал. Рейтинг 25-октябрда жарыяланмакчы.

Кыргызстандын футболчулары акыркы жолу беттешке сентябрь айынын рейтингине чейин чыккан. Келерки мелдеш япониялык атаандаштар менен 20-ноябрь күнү болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0