Хабиб Instagram баракчасына жеңиштен кийин алгачкы билдирүүсүн жазды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүUFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер атасы менен түшкөн сүрөттү жүктөгөн.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов жеңишинен кийин Instagram баракчасына алгачкы билдирүүсүн жазып, атасына ыраазычылын билдирди. 

Бүгүн Лас-Вегаста өткөн UFC 223 турниринде россиялык Хабиб Нурмагодев ирландиялык Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын коргоп калган. 

"Албетте, атамдын үйрөткөнү бул эмес эле. Бирок намыска бек туруш керек болду", — деп жазды мушкер.

Постко атасы Абдулманап Нурмагомедов менен түшкөн сүрөттү жүктөгөн.

Эске сала кетсек, быйыл кышында ата-бала Бишкекке келген. Хабиб күйөрмандар менен жолукса, Абдулманап Нурмагомедов Ошто спортчуларга мастер-класс өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0