Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды

© Фото / пресс-служба ФФКРФинал Кубка Кыргызстана по футболу
Финал Кубка Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жеңиш клуб үчүн рекорддук көрсөткүч.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. 

Кыргызстандын Футбол федерациясынын делегациясы эмдиги жылы Азия кубогу өтө турчу Бириккен Араб Эмиратындагы инфраструктура менен таанышып келди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулар Азия кубогу учурунда кандай шартта машыгат. Сүрөт
Финалдык оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. “Дордой” Оштун “Алай” курамасы менен кез келип 3:2 эсебинде жеңишке жетти. 

Шаардык команда өткөн жылы да Кыргызстандын кубогун жеңип алган, бул клуб үчүн рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. 

Кыргызстандын кубогу — Топ-лигадан кийинки маанилүү турнир. 

Кубоктун ээлери (1992-2018):

— "Дордой" — 10;
— СКА-ПВО — 7 раз;
— "Абдыш-Ата" — 4;
— "Алга" — 2;
— "Ак-Марал" — 1;
— "Семетей" — 1;
— "АиК" — 1;
— "Алай" — 1.

Жаңылыктар түрмөгү
0