Кыргызстандык шахматчы кыздар дүйнөлүк олимпиададан алтын утуп кайтышты

© Фото / Facebook / Chess Federation of the Kyrgyz RepublicКыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту
Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган шахматчылар топтук системадан озуп чыгышкан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту. Бул туурасында Кыргызстандын Шахмат федерациясынан билдиришти.

Турнир Грузиянын Батуми шаарында сентябрдын аягында башталып, кечээ 5-октябрда аяктады. Ага жалпы жонунан кыз-келиндердин 150 командасы катышкан.

Кыргызстандыктар өз тобунан эң көп упай алып (11 турдан 13 упай) алтын медаль тагынышкан.

Ата Мекендик шахматчылардын курамы:

— Бегимай Замирбек кызы;
— Диана Өмүрбекова;
— Александра Самаганова;
— Шаадат Момуналиева;
— Зарина Усупбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0