11:39 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган грэпплинг боюнча облустук чемпионат болуп өттү.

Жалал-Абадда журналист Исмаил Мамытовдун элесине арналган мелдеш өттү

© Фото / Кыялбек Ильяс уулу
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
447 0 0

Ушул жылдын 19-июль күнү Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, кабарчы Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган грэпплинг боюнча облустук чемпионат болуп өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучу Кыялбек Ильяс уулу билдирди.

Мелдеш 25-сентябрь күнү Аксы районундагы Мукур айылында өткөн. Турнирге 30 килограмм салмактан 85 килограмм салмакка чейинки спортчулар катышкан.

  • Чемпионат по грэпплингу в Джалал-Абаде
    Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган грэпплинг боюнча облустук чемпионат болуп өттү.
    © Фото / Кыялбек Ильяс уулу
  • Чемпионат по грэпплингу в Джалал-Абаде
    Мелдеш 25-сентябрь күнү Аксы районундагы Мукур айылында өткөн.
    © Фото / Кыялбек Ильяс уулу
  • Чемпионат по грэпплингу в Джалал-Абаде
    Турнирге 30 килограмм салмактан 85 килограмм салмакка чейинки спортчулар катышкан.
    © Фото / Кыялбек Ильяс уулу
1 / 3
© Фото / Кыялбек Ильяс уулу
Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган грэпплинг боюнча облустук чемпионат болуп өттү.

Кыялбек уулунун айтымында, ал мурда Исмаил Мамытов менен облустук мелдешти жылына эки жолудан уюштуруп турууну пландашкан.

"Исмаил менин жакын досум жана классташым. Ал тирүү кезде жаштар менен биргеликте спорт зал ачып, маал-маалы менен турнир өткөрүп турууну пландаган болчубуз. Биринчисин 10-апрелде уюштуруп, ага өзү келе албай калган", — деди Ильяс уулу.

Ал ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланганын жана оюндун соңунда Мамытовдун арбагына багышталып куран окулганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 19-июль күнү Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан

Мамытов 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юриспруденция адистигин аяктаган. "Санжыра" радиосунда, "Манас жаңырыгы" телерадио компаниясында алып баруучу болуп эмгектенген.

2015-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим, 2016-жылдын март айынан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда иштеп келген.

Тема боюнча

Жаштыкка, ишке, сүйүүгө тойбой турган Исмаил. Эми сени ирмемдерден издейбиз
Жибек оңбос болсочу, жигит өлбөс болсочу… Кайран, Исма
Исмаил агамды алып кеткен ажалга эки ооз кебим бар...
Белгилер:
турнир, журналист, Спорт, Исмаил Мамытов, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ