Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпионатына үчүнчү ирет катышмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВозвращение в Бишкек участников чемпионата мира по борьбе среди ветеранов
Возвращение в Бишкек участников чемпионата мира по борьбе среди ветеранов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-министр мурдагы жылы коло алса, былтыр байгесиз кайткан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 28-30-сентябрь күндөрү Македониянын Скопья шаарында өтөт.

Экс-чемпионка UFC в наилегчайшем весе Йоанне Еджейчик - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко польшалык Йоанна Еджейчик менен беттешет
Өлкө намысын төрт ардагер балбан коргойт. Тизмеде 78 килограммга чейинки салмакта ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев бар. Ал ушуну менен үчүнчү ирет дүйнө чемпионатына катышканы жатат. Ал мурдагы жылы коло алса былтыр байгесиз кайткан

Ошондой эле чемпионатка Кубан Эркимбеков (70 кг), Чынарбек Изабеков (100 кг) жана Талант Бегалиев (70 кг) катышат. Спортчуларды машыктыруучулар Сүймөнкул Табалды уулу менен Мейрамбек Ахметов коштоп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0