UFC башчысы Путин менен Трампты Макгрегор менен Нурмагомедовдун беттешине чакырды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин жана ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив
Россия президенти Владимир Путин жана ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Эң жогорку мушкердик чемпионат" (UFC) спорттук уюмунун башчысы Дэйна Уайт Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын өлкө башчысы Дональд Трампты ирландиялык Конор Макгрегор менен россиялык Хабиб Нурмагомедовдун беттешинин VIP-коногу болуп кетүүгө чакырганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Российский боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Хабибби же Конорбу? Кыргыз спортунун көзүрлөрү кимисин чемпион көрөт?
Маалыматка ылайык, Уайт Россия жана АКШ президенттери анын чакыруусун кабыл алаарынан күмөн санап жатканын айтып, коноктордун арасында дүйнө лидерлеринин болушу коопсуздук жагынан көйгөй жаратарын мойнуна алган. Бирок Уайттын айтымында, Трамп беттешке түз эфирден көз салып турарын билдирген.

Эске салсак, мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет. Нурмагомедов жеңил салмак боюнча чемпиондук титулун коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0