Криштиану Роналду оюндан четтетилгенден кийин ыйлап жиберди. Видео

© REUTERS / SERGIO PEREZИталиялык "Ювентус" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив
Италиялык Ювентус футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Криштиану Роналдунун Чемпиондор лигасында өткөргөн 154-мелдешиндеги алгачкы кызыл картасы.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду команданын бул сезондогу Чемпиондор лигасындагы алгачкы мелдешинде оюндан чыгарылды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Ювентус" испаниялык "Валенсияны" 2:0 эсебинде утуп алды. Италиялык футболчуларга жеңиш алып келген эки голду тең пенальти жолу менен жарым коргоочу Миралем Пьянич киргизди. Ал эми Роналдуга 29-мүнөттө кызыл карта берилди.

Интернет колдонуучулар футболчу оюндан чыгарылган учурда көзүнө жаш алганын жазып чыгышты.

​Башка колдонуучулар футболчуну эмне себептен оюндан чыгарышканы даана көрүнүп турган видеону жарыялашты.

​Бул Криштиану Роналдунун Чемпиондор лигасында өткөргөн 154 мелдешинде алгачкы кызыл картасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0