Футбол боюнча курама команданын автобусуна тагылчу ураанга сынак жарыяланды

© Фото / пресс-служба ФФКРФедерация футбола КР представила обновленный автобус национальной сборной
Федерация футбола КР представила обновленный автобус национальной сборной - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн аттары ноябрь айында белгилүү болот.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Азия футбол конфедерациясы (AFC) Азия кубогу-2019 оюнуна катышуучу өлкөлөрдүн курама командаларынын автобусуна тагыла турган ураанга сынак жарыялады. Бул тууралуу футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Сынак AFC Asian Cup UAE 2019 Team Bus Slogan деп аталат.

Ага катышуу үчүн күйөрмандар 7-сентябрдан 30-сентябрга чейин AFC – Facebook социалдык медиа платформасы, Instagram, Twitter аркылуу улуттук команданын автобусуна тагыла турган ураанды жөнөтүшү зарыл.

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Кыргызстан менен Палестина тең чыкты
Сунушталган ураан англис тилинде жазылып 12 сөздөн ашпашы керек.

8-октябрда сынактын биринчи туру аяктап, анын жыйынтыгында 24 команданын ар бирине үчтөн финалист тандалат. Финалисттердин бардыгы сүйүктүү курама командасынын мыкты оюнчуларынын кол тамгасы түшүрүлгөн футболкага ээ болушат.

Андан соң 1-ноябрга чейин сынактын экинчи туру болуп, анда AFC – www.the-afc.com расмий веб-сайтынан күйөрмандар ачык добуш берүү менен 24 ураан тандашат. Тандалган ураандар ар бир курама команданын автобусуна тагылат.

Жеңүүчүлөрдүн аттары 5-ноябрь күнү белгилүү болот. Сынак тууралуу кененирээк маалыматты футбол федерациясынын расмий сайтынан окуй аласыздар.

Кыргызстандын улуттук курама командасы кийинки жылы өтүүчү Азия кубогунун катышуучусу болуп саналат. Ал февраль айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0