11:01 25 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6179
  • EUR102.9631
  • RUB1.1473
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жыйынтыктары (10)
288911

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнө катышууга ДКОдогу спорттун түрлөрүнө кирген 13 күрөштүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат.

ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү болуп Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш аталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников
    Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү болуп Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш аталды.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников
    Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип алгачкы ирет өтүп жатат.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников
    Бул мелдешке катышууга ДКОдогу спорттун түрлөрүнө кирген 13 күрөштүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников
    Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө күрөштөн баш байгени багындырган 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынады.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников
    Финалдык кармашта сумодон алтын уткан россиялык Айдын Монгуш (114 кг.), пахлаваниден жеңген ирандык Жабер Садегжадехди (125 кг.) багындырып Көчмөндөрдүн улуу балбан титулуна ээ болду.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников
    Бул негизги мелдеш болгондуктан улуу балбан 1 миллион сом, көчмөндөрдүн алтын куру жана шакеги менен сыйланды.
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 6
© пресс-служба ГАМФКиС
Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү болуп Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш аталды.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип алгачкы ирет өтүп жатат. Бул мелдешке катышууга ДКОдогу спорттун түрлөрүнө кирген 13 күрөштүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат. Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө күрөштөн баш байгени багындырган 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынады.

Финалдык кармашта сумодон алтын уткан россиялык Айдын Монгуш (114 кг.), пахлаваниден жеңген ирандык Жабер Садегжадехди (125 кг.) багындырып Көчмөндөрдүн улуу балбан титулуна ээ болду.

Бул негизги мелдеш болгондуктан улуу балбан 1 миллион сом, көчмөндөрдүн алтын куру жана шакеги менен сыйланды. Мындан сырткары, токулган аргымак мингизип, колуна камчы карматышты.

Айдын Монгуш 24 жашта. Ал сумо менен 10 жылдан берки талбай машыгуусунун акыбети кайтып, улуу балбан аталуу күтүүсүз жана абдан жагымдуу болгонун билдирди.

"Көчмөндөрдүн улуу күрөшү жакшы мелдеш экен. Кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Уюштуруучуларга рахмат! Эми 2020-жылкы оюндагы улуу балбан менен кармашып титулумду коргойм", — деди Монгуш.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн эрежеси, абдан эле жөнөкөй, ага калыстар аз кийлигишет. Бир гана эреже — каршылаш балбанды көтөрүп жерге чабуу керек, эч кандай упайлар каралган эмес. Ошондуктан таза жана адилет күрөш жүргүзүүгө абсолюттук жеңүүчүнү аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Кармашкандар салмагына карап бөлүнбөйт. Анткени байыркы заманда тараза болгон эмес, алптар гана жеңишке жеткен. Алардын арасынан экинчи, үчүнчү жана башка орундарды аныктабастан абсолюттук жеңүүчүсү аныкталган. Себеби күрөштө Улуу жеңүүчү — бирөө, утулгандардын баары — бирдей.

Чыныгы балбандар күчүн сынаган күрөштүн түрлөрү:

— алыш (Кыргызстан)

— ашыртмалы аба гюреши (Түркия)

— гореш (Түркмөнстан)

— гуштини милли камарбанди (Тажикстан)

— гюлеш (Азербайжан)

— казах куресы (Казакстан)

— кураш (Өзбекстан)

— кыргыз күрөш (Кыргызстан)

— монгол бох (Монголия)

— пахлавани (Иран)

— самбо (Россия)

— ссирым (Түштүк Корея)

— сумо (Япония).

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жол-жобосу менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын таанышыңыз.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жыйынтыктары (10)

Тема боюнча

Көк бөрү: Кыргызстан — Өзбекстан. Видео
Көк бөрү: үчүнчү орун үчүн Казакстан менен Москва беттешүүдө. Видео
Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине кайсы дүйнөлүк жылдыздар келери айтылды
Белгилер:
көчмөндөр, балбан, күрөш, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Айдын Монгуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ