Алдыда баратабыз! Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 100 медаль утту

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан
III Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарына 70 мамлекеттен келген 1918 спортчу спорттун 37 түрүнөн күч сынашты.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык мелдештеринде медалдын саны боюнча биринчи орунда келе жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Ишемби күнү эртең менен алынган маалымат боюнча кыргызстандык спортчулар жалпысынан 100 медаль алган. Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнү.

Медаль уткан мамлекеттердин тизмеси:

— Кыргызстан — 100 медаль (40 алтын, 30 күмүш, 30 коло);

— Казакстан — 69 медаль (16 алтын, 24 күмүш, 29 коло);

— Россия — 52 медаль (16 алтын, 11 күмүш, 25 коло);

— Түркмөнстан — 27 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 12 коло);

— Өзбекстан — 33 медаль (7 алтын, 8 күмүш, 18 коло);

— Венгрия — 12 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 4 коло);

— Иран — 12 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 5 коло);

— Украина — 9 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 3 коло);

— Монголия — 17 медаль (2 алтын, 4 күмүш, 11 коло);

— Түркия — 6 медаль (2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло);

— Азербайжан — 15 медаль (1 алтын, 6 күмүш, 8 коло);

— Тажикстан — 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло);

— Кытай — 6 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 4 коло);

— Болгария — 2 медаль (1 алтын, 1 коло);

— Сербия — 2 медаль (1 алтын, 1 коло);

— Германия — 2 медаль (1 алтын, 1 коло);

— Бириккен Араб Эмирлиги — 2 медаль (1 алтын, 1 коло);

— Литва — 1 алтын;

— Латвия — 1 алтын;

— Грузия — 5 медаль (2 күмүш, 3 коло);

— АКШ — 3 медаль (1 күмүш, 2 коло);

— Эстония — 2 медаль (1 күмүш, 1 коло);

— Аргентина — 1 күмүш;

— Польша — 1 күмүш;

— Молдова — 2 коло;

— Армения — 1 коло;

— Индия — 1 коло;

— Нидерланддар — 1 коло;

— Япония — 1 коло;

— Сингапур — 1 коло;

Дагы 47 мамлекет азырынча бир да медаль ута элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0