Бишкекте Айтматовдун 90 жылдыгына карата марафон өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПятый международный марафон Run The Silk Road в Чолпон-Ате
Пятый международный марафон Run The Silk Road в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 23-сентябрь күнү саат 9.00дө башталат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жарым марафон өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Марафончулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте биринчи жолу эл аралык марафон өтөт
Иш-чара 23-сентябрь күнү саат 9.00дө Арча-Бешик жаңы конушундагы Шербет 46/1 дарегинде жайгашкан дене тарбия жана ден соолук борборунда башталат.

Ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесипкөй спортчулар менен ышкыбоздор 21, 10 жана 3 чакырымга чуркашат.

Марафондун максаты — Бишкек шаарын ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кудурети жеткен, заманбап шаар катары көрсөтүү, дени сак жашоону үгүттөө жана эл аралык спорт, туризм жаатындагы байланыштарды бекемдөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0