01:50 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Кырчын жайлоосу

Көчмөндөр оюндарынын бешинчи күнү. Учурда эмне болуп жатат?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
47700

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөр оюнунун жүрүшүн чагылдырган тексттик трансляциясын улантат.

Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын бешинчи күнү. 

Көчмөндөрдөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 82 мамлекеттен (Россиянын 11 субъектиси) 2500 спортчу келген. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан медалдын 594 комплектиси ойнотулат. Анын ичинен 174ү — алтын, 173ү — күмүш, 247си — коло.

Жаңы билдирүү
  • 19:48

    Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Казакстан менен беттешкен Өзбекстандын улакчылары 5:4 эсебинде жеңишке жетти.

     

     

  • 19:25

    Көк бөрү: Кыргызстандын курама командасы жарым финалда Москвадан келген улакчыларды 23:5 эсебинде жеңип алды

  • 18:12

    Кыргыз күрөшү боюнча чемпион!

    Кыргыз күрөшү боюнча абсолюттук салмак категориясында кыргызстандык 32 жаштагы Тилек Куралов алтын байгеге ээ болуп, 70 миң сом сыйлык ыйгарылды. Экинчи орунга тажикстандык Фархад Анакулов (35 миң сом), үчүнчүгө түркмөнстандык Вепа Орозмурадов менен Азажон Анваржонов (17 миң 500 сомдон) татыган.

  • 18:04
    Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары

    КР спортчуларынын Көчмөндөр оюнунун ачылышында формасыз чыккан себеби айтылды

    Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттик түшүндүрмө берди.
    Дагы
  • 18:04

    Медалдар

    Награждение победителей на скачках в 3200 метров на ипподроме в Чолпон-Ате в рамках III Всемирных игр кочевников.
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Награждение победителей на скачках в 3200 метров на ипподроме в Чолпон-Ате в рамках III Всемирных игр кочевников.
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Награждение победителей на скачках в 3200 метров на ипподроме в Чолпон-Ате в рамках III Всемирных игр кочевников.
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Награждение победителей на скачках в 3200 метров на ипподроме в Чолпон-Ате в рамках III Всемирных игр кочевников.
    © Sputnik / Сергей Аладьев
  • 14:54

    3200 метр аралыкка жарышкан күлүктөрдүн ичинен Краснодардан келген аргымак мыкты болду. 

  • 14:02

    Жорго салышта алдыңкы үч орунду тең кыргызстандыктар алды. Аргымактар 7200 метр аралыкка чуркашты.

    Скачки на 7200 метров в рамках III Всемирных игр кочевников на ипподроме в Чолпон-Ате
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Скачки на 7200 метров в рамках III Всемирных игр кочевников на ипподроме в Чолпон-Ате
    © Sputnik / Сергей Аладьев
  • 12:42

    Көчмөндүн кимисисиз?

    Sputnik тест: кандай көчмөн болор элеңиз?

    Байыркы көчмөндөр дүйнөсүндө ким элеңиз? Тесттен өтүп, таржымалыңызды билип көрбөйсүзбү

    Балким канча деген кылым мурун тилинен бал тамган акын болгондурсуз? Же ак көрпө жайыл келиндирсиз? Тесттен өтүп, жыйынтыгын достор менен бөлүшүңүз
    Дагы
  • 11:43

    Кырчында Алайдан алып келинген топоздор жоголду

    Кырчын жайлоосундагы этношаарчадан театралдык көргөзмөгө катышкан үч топоз жоголду. 4-сентябрь күнү милицияга Алай районунун Сары-Моңол айылынын 41 жаштагы Ражан Кадыров аттуу тургуну арыз менен кайрылып, Кырчындагы этношаарчада салбурундун иш-ачылышындагы театралдык көргөзмөгө катышкан үч топозу жоголгонун айткан. Милиция кызматкерлери бир суткадан кийин букалардын баарын Григорьевка айылына жакын жерден таап келип, ээсине өткөрүп беришкен.

    Сотрудники милиции нашли трех яков, участвовавших в театрализованном представлении пропавших в ущелье Кырчын
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
    Сотрудники милиции нашли трех яков, участвовавших в театрализованном представлении пропавших в ущелье Кырчын
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • 10:07

    Кыргыз жана казак улакчыларынын бүгүнкү беттештери

    Саат 16.00дө Кыргызстан менен Москва облусунан келген улакчылар беттешет. Ал эми саат 18.00дө Казакстан менен Өзбекстандын командалары күч сынашып, жеңген командалар 7-сентябрь күнү финалдык оюнга чыгат. 

    Кыргызстан буга чейин Монголия жана Алтайдан келген улакчыларды жеңген. Ал эми Казакстан Красноярск менен АКШ командаларын артта калтырды. 

    Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарнда 11 көк бөрү командасы күч сынашууда. Баш байге ээси үч миллион сом алат. 

  • 09:57
    Кырчын жайлоосу

    Көчмөндөр оюну: 6-сентябрда өтө турчу иш-чаралардын программасы

    Иш-чаралар салттуу түрдө ат майданда жана Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо комплексинде, Кырчын жайлоосунда өтөт.
    Дагы
  • 09:56

    Кыргыз балбандары намысты колдон чыгарган жок!

    Кыргызстандык балбандар кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулар жети алтын тагынды

    Намыска жарадыңар! Кыргызстандын балбандары кыргыз күрөштөн 7 алтын утту

    38 мемлекеттен келген 131 балбан кыргыз күрөшү боюнча күч сынашты.
    Дагы
  • 09:55

    Көчмөндөр оюндары Чолпон-Атадагы ат майданда, спорт комплексинде, Кырчын жайлоосунда жана Бостеридеги "Nomad" амфитеатрында өтүүдө.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көчмөндөр оюну: 6-сентябрда өтө турчу иш-чаралардын программасы
Эртең кыргыз-казак улакчылары кимдер менен, саат канчада беттешет? Программа
Намыска жарадыңар! Кыргызстандын балбандары кыргыз күрөштөн 7 алтын утту
Жөлөп-таяп, аттан кулап. Америка жана франциялыктардын көк бөрү тарткан видеосу
Белгилер:
спорт комплекс, ипподром, Спорт, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ