Көчмөндөр оюндары: француздар биринчи жолу улак тартышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү улуттук ат оюну. Архив
Көк бөрү улуттук ат оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команданын максаты — эң мыкты беш команданын катарына кирүү.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Быйылкы Көчмөндөр оюндарына биринчи жолу француздардын көк бөрү боюнча командасы катышат. Курама толугу менен кесипкөй хорсболчулардан турарын КРдин Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Расписание ВИК на кыргызском - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнундагы мелдештердин расписаниеси. Календарь жана карта
Хорсбол — Франциядан чыккан спорт түрү. Регби менен баскетболдун элементтерин камтыган бул оюнду ат үстүндө ойношот. Шарт боюнча атаандаштын жерден үч метр бийиктикке онотулган темир алкагына болушунча көбүрөөк топ салуу керек.

Кулданбаевдин айтымында, команда кышында Кыргызстанга хорсбол боюнча мелдешке келип, көк бөрү боюнча сабак алып кеткен. Мындан кийин алар өз мекенинде бир топ машыгууларды өткөргөн.

Спортчулар Кыргызстанга бүгүн келери күтүлүп жатат. Максаты — эң мыкты беш команданын катарына кирүү.

Негизинен Көчмөндөр боюндарына көк бөрү боюнча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана АКШ мамлекеттеринин командалары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0