Азиада чемпиону Дарья Маслова алтын үчүн федерациядан канча акча алары айтылды

© REUTERS / Darren WhitesideАзия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова (ортодо). Архив
Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын жана күмүш байгелерге ээ болгон.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом сыйлык алат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын жана күмүш байгелерге ээ болгон.

"Спортчу өлкө тарыхында биринчи жолу ири мелдеште эки медаль тагынып жатат. Ал кийинки мелдешине аз убакыттан кийин эле чыгып кетти, анүстүнө аба ырайынын шарты начар болчу. Акыркы беш жылдан бери күлүк кыз менен машыктыруучу Виктор Борисов иштеп келет, ал үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Федерация атынан ага 1 миллион сом акчалай сыйлык ыйгарылат", — деп айтылат маалыматта.

Чемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу - Sputnik Кыргызстан
Атам мен үчүн тилек кылганын уктум... Азиада чемпиону Төрөхандын ачык маеги
Жеңил атлет Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын жана күмүш медаль алган. Күлүк кыз 25-августта жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген. Экинчи медалды үч күндөн соң 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи келгендиги үчүн алды.

Кечээ Дарья Маслованы "Манас" аэропортунан жакындары, күйөрмандары жана машыктыруучулары тосуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0