Жигиттердин билегин сынаган армрестлинг мелдешинин эрежеси

© AFP / DANIEL MIHAILESCUКол күрөш. Архив
Кол күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армрестлинг — эки балбандын кол күрөшүүсү. Алар атайын орнотулган столдун жанына туруп кол менен күрөшөт. Чыканагы жаздыкчаны таянат. Кимиси каршылашынын колун (манжалар бөлүгүн) жаздыкчага жыкса ошого жеңиш ыйгарылат. Мелдеш оң жана сол кол менен жүргүзүлө берет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет армрестлинг менен тааныштырабыз.

Кырчын жайлоосундагы театралдык иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырчында тамеки тарткандар айыпка жыгылат. Акчанын көлөмү
Армрестлинг же болбосо кол күрөш спорттун байыркы түрү болуп эсептелгени менен бир кездери унутулуп кеткен. Бирок ХХ кылымдын орто ченинде кайра жандана баштаган.

Армрестлинг мелдеши жеке, командалык жана жеке-командалык болуп үчкө бөлүнүп өткөрүлөт.

Жеке күрөшкөндө биринчи орун — 10 упай, экинчи — 7 упай, үчүнчү — 5 упай, төртүнчү — 4, бешинчи — 3, алтынчы — 2 упай, жетинчи — 1 упай болуп саналат.

Командалык күрөштө биринчи орун — 25 упай, экинчи — 17, үчүнчү — 9, төртүнчү — 5, бешинчи — 3, алтынчы — 2 упай, жетинчи — 1 упай деп эсептелет.

Салмак категория боюнча жеңүүчүнү аныктоонун тартиби

Эгер эсеп саны тең чыгып калса салмагы жеңилирээк болгон спортчу утушта болот. Ал эми экөөнүн тең салмагы бирдей чыкса, финалдык таймаштан кийин кайра таразага түшөт да, салмагы аз чыкканы жеңүүчү болот. Анда да эки спортчунун көрсөткүчтөрү бирдей болуп калса, анда тең чыкты деп бааланат.

Мелдештин эрежеси

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна кайсы президенттер келери белгилүү болду
Спортчу чыканак жана манжаларына бинт сыяктуу каражаттарды байлоого, нике жана жөнөкөй шакектерин тагынууга тыюу салынат. Ошондой эле бирдиктүү форманы кийип чыгууга тийиш. Калыс чакырганда эки мүнөткө чейин чыкпаган балбан жеңилди деп табылат. Эки балбан кез келгенден кийин калыс кол кармашуусун текшерип күрөшүүгө уруксат берет. Кармаш "Көңүл бургула! Марш!" буйругу менен башталып, "Токтот!" буйругун айтканда бүтөт.

Кармаш үзгүлтүккө учураса же эскертүү берилсе катышуучулар 30 секунддук эс алууга укуктуу. Биринчи тынымдан кийин спортчулардын колдорун атайын кур менен байлайт.

Эскертүү кайсы учурда берилет?

— реферинин буйругун үч жолу аткарбаса;

— убакытан мурда баштаса;

— чыканак койгон жерден чыканак тайып кетсе;

— башы, ийини менен ортоңку сызыктан эки жолу өтүп кетсе;

— башы же өзүнүн ийини менен атаандашынын ийинине тийишсе же колун кармаса;

— экинчи колу менен столдун кармоочун кармабай бошотуп жана столдун башка жеринен кармаса;

Эки жолу эскертүү алган спортчу жеңилди деп табылат. Ичимдик ичип, наркотикалык каражаттарды колдонгон спортчу мелдешке киргизилбейт.

Апелляцияга берүүнүн тартиби

Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Кийинки Көчмөндөр оюндары кайда өтөрү божомолдонду
Беттешүүнүн жыйынтыгына макул болбогон учурда команданын расмий өкүлү кийинки беттеш баштала электе столдогу башкы калыска оозеки айтат. Андан соң 10 мүнөт ичинде команданын расмий өкүлү башкы катчы аркылуу Калыстар коллегиясына жазуу түрүндө арыз жиберет.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөнүн 2300 спортчусу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0