Бишкекте биринчи жолу эл аралык марафон өтөт

Жазылуу
Быйыл марафонго 2 миңден ашык жөө күлүк катышары пландалып жатат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте биринчи жолу марафондук 42,2 чакырымга чуркоо боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу "Тонус" коомдук фондусунан билдиришти.

Kuz Demi эл аралык марафондун максаты — элди сергек жашоо мүнөзүнө чакыруу жана спорт менен машыгууга үндөө болуп саналат. 7-октябрда өтө турчу иш-чарага чуркоого кызыккан 16 жаштан жогорку катардагы кишилер менен профессионалдар да катышса болот.

Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына 15 өлкөдөн ыктыярчы тартылды
Мелдеш Бишкек — Манас аэропорту жолунда өтүп, чуркоо "Аска-Таш" мемориалдык комплексинин жанынан башталат. Катышуучулар жалпысынан төрт аралыкка — 5, 10, 21 жана 42 чакырымга чуркашат.

Андан сырткары, жаш балдар үчүн дагы Kuz Demi Kids мелдеши уюштурулат.

Бул иш-чарага 2 миңден ашык кишинин катышуусу пландалып жатат. Толук маалыматты коомдук фондунун сайтынан www.tonus.kg алсаңыздар болот. Катталуу сайт аркылуу да жүргүзүлөт.

Былтыр аталган мелдешке Sputnik Кыргызстан агенттигинин да командасы катышкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу иш-чаранын расмий маалымат өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0