Көчмөндөр оюндарына 15 өлкөдөн ыктыярчы тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области
Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам берем дегендердин саны адегенде 3400гө жеткен.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында 550 ыктыярчы иш алып барат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тандоо үч этапта жүргүзүлгөн.

"Кыргызстандын 24 жогорку окуу жайындагы 3400 адамдын ичинен 550сү тандалып алынды. Алардын отузу 15 өлкөдөн келет, ошондой эле Кыргызстандын бардык региондорунан 80 адам бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Продажа водки в магазинах Омска - Sputnik Кыргызстан
Кырчында арак-шарап сатылбай турган болду
Учурда ыктыярчылар ДКОнун иштери боюнча бир нече топко бөлүнгөн. Алар оюндун ачылыш жана жабылыш аземи, спорттук, маданий иш-чаралар, массалык маалымат каражаттары менен иштөө сыяктуу кызматтарды аткарат.

Ошондой эле Мамагенттик ыктыярчылар оюндардын алкагында өтүүчү иш-чаралардын шарты менен тааныштырылганын кошумчалады. Буга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, протокол түзүү, коопсуздук эрежелери сактоо жана башкалар кирет.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0