ДКО: армрестлингде дүйнөнүн алдыңкы спортчулары намыс талашат

© AFP 2023 / DANIEL MIHAILESCUСоревнования по армрестлингу
Соревнования по армрестлингу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулардын арасында Азиянын жана дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону бар.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча дүйнөнүн чар тарабынан 100гө чукул профессионал спортчу катышат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Эске сала кетсек, ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ал эми армрестлинг мелдешинин финалы 3-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы ден соолукту чыңдоо борборунда болот.

Спортчулардын тизмеси:

Евгений Прудник — Украинанын 15 жолку, Европанын төрт жолку жана дүйнөнүн алты жолку чемпиону;

Дмитрий Трубин (Казакстан) — оор салмакта дүйнө чемпиону;

Виктория Илюшина (Украина) — Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону;

Даниел Прокопчук (Молдова) — оң колдон дүйнө чемпиону;

Дмитрий Докучаев — Өзбекстандын абсолюттук чемпиону, Азиянын көп жолку чемпиону, Россия, Финляндия, Германиядагы эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Мелдеште кыз-келиндер жана эркектер оң жана сол кол менен таймаша алат. Ар бир салмакта бирден спортчу мелдешет.

Эркектер: 75 кг, —95 кг, —105 кг, 105+ кг;

Айымдар: —75 кг, 75+ кг.

Мелдештер Бүткүл дүйнөлүк армрестлинг федерациясынын эрежеси менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0