18:38 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Спортсмены из Кыргызстана на церемонии открытия азиатских игр в Джакарте. 18 августа 2018 года

Кыргыз туусу Индонезияда желбиреди. Азия оюндарынын ачылышынын сүрөттөрү

© REUTERS / ISSEI KATO
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Азия оюндары — 2018 (47)
39411

Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарынын ачылыш аземине катышып, туу көтөрүп чыгышты. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

  • Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарынын ачылыш аземине катышып, туу көтөрүп чыгышты
    Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарынын ачылыш аземине катышып, туу көтөрүп чыгышты
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Иш-чара 18-августта Жакартанын Гелора Бунг Карно стадионунда өттү
    Иш-чара 18-августта Жакартанын "Гелора Бунг Карно" стадионунда өттү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Спортчуларды Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен Азия Олимпиада кеңешинин президенти Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах тосуп алды
    Спортчуларды Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен Азия Олимпиада кеңешинин президенти Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах тосуп алды
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү
    Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Делегацияда жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у — спортчу, калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер
    Делегацияда жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у — спортчу, калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү
    Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан  481 медаль комплектиси ойнотулат.
    Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Ал эми кыргызстандык спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).
    Ал эми кыргызстандык спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
1 / 8
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарынын ачылыш аземине катышып, туу көтөрүп чыгышты

Иш-чара 18-августта Жакартанын "Гелора Бунг Карно" стадионунда өттү. Спортчуларды Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен Азия Олимпиада кеңешинин президенти Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах тосуп алды.

Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү.

Делегацияда жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у — спортчу, калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер.

"Спорттук делегация ири топ менен басты. Катарда оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев да болду. Ар бир өлкөнү алтын куштун формасын кийген бийкеч коштоп барды. Иш-чара укмуштуудай ыр-бий менен коштолду",  — деп айтылат маалыматта.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан  481 медаль комплектиси ойнотулат.

Ал эми кыргызстандык спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).

Азия оюндары Жакартада экинчи ирет өтүп жатат, биринчи жолу 1962-жылы болгон.

Тема:
Азия оюндары — 2018 (47)

Тема боюнча

WEF Global 13 турнири Чолпон-Атада өтөт. Тизмеде Барчынай Узгенбаева бар
Азиада: кикбоксчулар Аманбеков менен Ибрагимов ушу-саньда боюнча күч сынашат
Белгилер:
Сүрөт, туу, спорт, Азия оюндары, Индонезия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ