UFC: Нурмагомедов менен Макгрегордун беттешине билетти үч мүнөттө талап кетишти

© AP Photo / John LocherИрландский боец ММА Конор Макгрегор
Ирландский боец ММА Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш тууралуу августтун башында айтылган. Көрүүчүлөр эки спортчунун кармашын бир жарым жылдан бери күтүүдө.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегор беттеше турчу турнирдин билети үч мүнөттө сатылып кетти. Бул туурасында британиялык BT Sport телеканалы Twitter баракчасына жүктөгөн.

​UFC уюмунун учурдагы чемпиону менен эки салмак боюнча мурдагы чемпиондун беттеши UFC 229 турниринин башкы кармашы болмокчу. Мелдеш 6-октябрда Лас-Вегаста өтөт. Мында Нурмагомедов наамын коргойт.

Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты
Турнирдин билеттери 17-августта сатыла баштаган. Эң арзан орунтуктардын билети 205 доллар болсо, эң кымбат дегендери 2505 долларды түздү. Спорттук арена өзү 20 000 миң адамды сыйдыра алат.

Беттеш тууралуу августтун башында айтылган. Көрүүчүлөр эки спортчунун кармашын бир жарым жылдан бери күтүүдө.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов быйыл апрелде UFC уюмунун чемпиону болгон. ММА боюнча профессионалдуу түрдө 26 беттеш өткөрүп бир да жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес

Ал эми Макгрегор UFCнин тарыхында эки салмакта тең чемпион болгон ирландия мушкери.

Жаңылыктар түрмөгү
0